Kitobni o'qish: «Бабалардын жанырыгы»
«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»
А. Токомбаев
Китеп касиеттүү Беккулу атанын урпактарына арналат.
***
«Жараткан Теңирим өзүң колдой көр!»
Ак бата сөзү.
***
«Касиеттүү, ыйык Бугу энемин арбагы «колдосун!»
Ак бата сөзү.
***
«Беккулу атамын талы колдосун!Оомийин!».
Карылардын урпактарга берген бата сөзү.
***
Аркы атабыз Ырыскандан
Айдыңдуу кеп башталган.
Байыркынын башталмасы
Баардык элге таралган.
ЫРЫСКАН
Мен бир жолу Ийри -Колот менен келе жаткам.
Быйыл жаан көп жаагандыктан сайдын жээгинде жашаң чөп белден буралат. Арык жээгинде ала бата козу карын, арпа чөп жыш өскөн экен. Арыктан ары ар түркүн гүлдөр жанаганын көзүм чалды. Боз үйдүн оордундай тегиз жерде бир кары адам кичинекей баласы менен отурганын байкадым.
Бул баягы келишимдүү узун бойлуу, айрыкча балдарга өтө жакын, кебетесине карылыктын элеси али келе элек Темиркан деген асыл карыя экенин баамдадым. Карыядан кыйгач кетүү мүмкүн эмес эле. Салт боюнча, кичүү адам улууларга салам берип, ден соолугун сурап, анын алдынан өтүп коюу парз экен. Учураша жанына барып сүйлөшө кеттим. Ал ата-бабасынын санжыра уламышын, жомокторун жакшы билчү эле. Салам берип аркы-беркини сүйлөшүп бүтүп:
–Чоң ата мага ата-бабанын уламышын айтып бербейсиңби,-дедим.
– Айтса айтып берейин санжырага кызыгасыңбы,-деди асыл карыя.
Анын көздөрү бүркүттүкүндөй сүрдүү болуп, сөздү куюулуштуруп маңыздуу айткандыгы адамды бир кубантып, бир сүйүнтүп, бир кайгыртат. Ал чөнтөгүндөгү чакчасын алып, насбай атып, ары бурулуп түкүрүп, саамга ойлонуп калды да: – Балам, бул улама, жомок окуянын кандай болгонун мен да билбейм, бирок уламада ушундай деп айтылат.
«Ошол байыркы замандын заманында кыргыз ажосу журтту чыңап, башкаларга кор кылбай кыргыз элин башкарып турган экен. Андай күчтүү өлкөнү билгич өкүмдар башкарып турганы абзел эмеспи. Бирок кыргыздарды каратып, жерин, байлыгын тартып алуу үчүн чет жактагы коңшулар көз арта баштайт. Айрыкча кара кытай, калмактар, аттын кулагы менен тең ойногон уйгурлар жана башка майда барат элдер. Аларды кыргыз түздүктөрү, шаркырап аккан сайлары, көгүлтүр көлдөрү, берекелүү жерлери суктанта тартып жатпайбы. Ата-бабадан калган жерлерибизди ээлеп, биздин журтту башка жактарга сүрүп, же такыр тукум курут кылгысы келишет. Касиеттү өкүмдар ажо алардын кара санатай оюун даана билип, жоокерлерин топтоп, чыңдап, тартипке келтирип, баардык кезде элди шайма-шай даярдыкта кармап турду. Ажо аябай узак жашка барган эле тагдырыбы, бир күнү эли менен кош айтышып кете берди. Касиеттүү адам кайтыш болгонун угуп чет элдик басып алуучулар карышкырдай кутура баштады. Алар ажонун кош айтышып кеткенинен пайдаланып басып алууну каалап жатты. Эл-эл, журт-журт эмеспи жоокер куралып душман менен салгылашууга өттү. Жунгарлык калмактар тез эле кыргыз элин басып алууга аракет кылып жатты. Кармаш катуу болуп кан төгүлдү. Айбалталар кыңгырап, кылыч белде шыңгырап турду. Баатырлар өлүп бара жатып, күн нурун аянычтуу карап: « Пендем бизге кылаарың ушул беле? Кош бол жарыкчылык! Кош бол өмүр!»– деп тиги дүйнөгө узап кетип жатышты. Өлөт десе өөрчүгөн, түгөнөт десе түтөгөн душмандардын кошуундары үстү-үстүнө келип жатышты. Учкан жебеден күн көрүнбөй калып, ат үстүндө кармаштан эрлердин денеси талып, адам өлүгү боо, ат өлүгү тоо болду. Каргалар каркылдап, кузгундар куркулдап, бөрүлөр кыр ашып, түлкүлөр жыт алып турду. Алардын коркунучтуу добушун угуп, адамдар саруулап үрөйлөрү учуп жатты. Жырткыч жорулар адамдардын этин жеп, тойгонунан асманга жогору көтөрүлүп уча албай калды. Ай талаада эр өлүп, ат кишенеп, армандуу добуш айланага эшилет. Эркин жел ары-бери «Өлүм-өлүм» деп жортуп жүрөт. Баарынан армандуусу, ошол кармашта айбалта менен чабышып, жоо менен алышып жүрүп, кыргыз ажосунун баатыр уулу окко учуп шейит кетти. Жунгарлар кумурскадай жайнаган эл эмеспи, биринин артынан бири келип, согуш көпкө созулду. Башка элдер жунгардык калмактарга туруштук бергени үчүн кыргыз элинин эрдигине суктанат. Акыры кыжылдаган жунгарлар « Бул элди жеңе албайт экенбиз» деп согушту токтотушту. Бул эң жаман айла-амал эле. Кыргыздар «Баш аягыбызды жыйалы»– деп тынчып калышты. Анан душман тарап кайра күчтөнүп, кыргыздарды аябай талкалайт. Ошондо биздин элибиз кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабылып, аман калгандары жан айласы кылып, тукумун сактап калыш үчүн туш-тушка качып, тоо-токойдун арасын мекендейт. Каза болгондорду карга-кузгундарга жем кылбай ак кепиндеп көөмп ариетин жасашат. Эки жактан ээсин жоктогон ат кишенеп, ай талаада каңгыган ит армандуу улуду. Атасын жоктоп бала ыйлап, уулун жоктоп эне муңканды. Карыялардын көзүнөн аккан жашы ак сакалын аралай куюулуп турду.
Жомокчу карыя көп сүйлөгөндүктөн демигип кетти окшойт бир паска эки жакты карап далайга эс алып, анан алтын кебин ары улап кирди.
– Кайсы жерге келдим эле балам, эсиңе жара чыккырдыкы десе, ошентип жанагы жунгар калмактары биздин элди туш-тушка бөлүп азап көрсөтө баштабадыбы. Бирок жунгарларга бир нерсе болдубу, биздин элдин биримдигинен айбыгып жаттыбы, өз аймагына кетип калышты.
Акыры алар тынчып, кыргыз жергесине кичине пейпилдик орноду. Жер-жердеги, кокту-колот, карагай чердеги, тоонун үңкүрүндө жашаган адамдар чогулуп мурунку турагына келе башташты. Жунгарлар « Кыргыздарды баш көтөрө алгыс кылып кырдык»– дешти. Ошентип чачылган эл жыйылып, тербиген эл биригип, кайра тиричилигин өтөөгө киришти. Бирок аларга баш көз, камчы сап, тээк боло турган адам керек эмеспи. Башчы ажосунун баласы чоң казатта эрдик көрсөтүп шейит кеткен. Сакалы белине жеткен карыя:
– Айланайын калың эл кыжылдаган жунгарлар чапты эле деп апаат тукум курут болуп кетпейли, чачылганды жыйнайлы, үзүлгөндү удайлы!– деп карыя элди ынтымакка чакырды. – Айтканы туура,– деп улуу журт карынын кебине капка салды, макул болду. Ошентип эл биримдикке келип, баш көз боло турган Ажону шайлаш керек болгуп турду. Элдин башы катып, « Кимди ажо кылабыз, ажонун баласы да майданда мерт болду. Жок дегенде дагы бир уулу болгондо эмне? Кайсы уул ушул кыйналган журтту баштап кете алат. Ошондо жүздөн ашкан сакалы белине жеткен бир карыя пикирин айтып турду:
– Ажодон тукум калган жок анын баласынан артык көргөн бир кыраан ак шумкары бар эле. Ошону белги кылып учуруп көрөлү, алгыр кимге барып консо, ошол ажо болсун,– дешти.
Кээ бири айтты:
– Бир эси жок пендеге конуп анысы журтту башкара албай, мазебизди албайбы?
– Байкагыла! ажо журттун башкаруучусу элдин тагдырын акылы жок бирөөгө карматып жиберип, кайра өзүбүз кор болуп калбайлы!
–Аялынын тилин алган бир катынпоз болсо, биздин түбүбүзгө жетип кууратпасын.
– Айланайын журт азып-тозуп кетпейли,– деп санаага батып чарчаган эл эмне кылаарын билбей апдаарып турушту.
Дагы бир жеерде сакалчан карыя, чепкенин топчулап, ак сакалын жай акырын сылап жатып айтты:
– Кагылайын калк мурунку ажобуз акылман, баатыр, сөз билги туйгун эле анын учурунда элибиз өсүп-өндү, өркүндөдү. Мен бул кушту учуралы деген карыянын оюн кубаттайм. Кушту учуралы кыраан өзү билеер, байыртадан эле кыргыз эли алгыр кушту, күлүк бууданды бапестеп келген кыраан кимге барып консо, ошону ажо кылып шайлап алалы. Андан кийинкисин дагы көрө жатаарбыз.
Куш элдин жол таба албай кыйналып жатканын билдиби, токтоно албай каардуу түрдө шаңшып-шаңшып жиберди. Жаштар удургуй дуулдап кыйкырып жатышты:
– Учуралы.
– Учуруп көрөлү.
– Кудайга тобо!
– Айланайын куштун пири буудайык эл журтту ыйлата көрбө! –аппак сакалчан бир карыя муңканып айтып жатты.
– Ыраматылык ажонун алгыр, акылдуу кушу журтту алдабас, – эл уу-дуу болуп басылбай удургуй толкуп турду.
– Жаратканым өзүң колдой көр кимге консо тагдырыбыз ошол кишиге байланыштуу. Элибизди ошол адам башкарат.
Акыры куштун тилин билген ажонун башкы мүнүшкөрү Ажыбек куркук кыраанды колуна кондуруп, канат куйрйгун сылап, учурууга даярданды.
Улгайган карыя:
– Жараткан кудайым, ыйык канаттуум, элдин тагдырын сага, сени кудайга тапшырдым, эл үчүн байлык бийликке алданбаган журттун камын ойлогон тайманбас эр азаматка коно көр. Оомийин!– деп бата жолдоп безилдеп жиберди. Элдин баары ага кошулуп алаканын жайып кудайдан ырайым күттү.
Мээрим төккөн жай айы эле. Ыйык күн тийип айлана жаркып, кемелине келип турган болчу. Күкүктөр үн безеп сайрап, булбул куш чарчаганча күү чалып жаткан эле. Кыраан обого көтөрүлүп, алдыга сызып канат кагып баратты. Журттун баары элейе кайкыган куш караанды карашат. Шумкар тээ обого бийик учуп жогорулап, үстү тегерек бийик жерге барып конду. Ошол жерден тээ алда кайдагы чөлкөм алаканга салгандай даана көрүнүп турчу эле.
Калк айтты:
– Ажо бул аскага чыгып душманга дүрбү салчу.
– Кароол чоку.
– Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.
– Жарыктык канаттуум ээсин эстеп жатат. Тили жок куш болсо да баатырча келаткан жоону карап турат. Касиеттү кароол чоку. Теңирим жараткан. Тоодой алтынга бергис чоку. Бизге кыраандык жолун айтып жатат.
– Бул жерден келаткан душман даана көрүнөт.
– Арбакты сыйлап баш урууда.
Куш ал жерден айлана учуп мүнүшкөрдүн колуна келип конду.
Эл мүнүшкөргө:
– Шумкарды дагы учур кимге барып коноор экен- деп, жаалашты.
Жанагы аксакал куштун башын, канат куйругун дагы бир жолу эркелете сылап кушту учурду. Бул жолу кыраан эч кимге конбой бийик карагайдын башына барып жай алды. Кайран кыраан билген экен. Ошол карагайдын түбүнө ажо мезгил-мезгили менен элди чогултуп, курултай өткөрүп турчу. Эл эмне сунуш айтса, ажо ошол ойуду аткарган. Журт муну эстеп:
– Касиеттүү канаттуу элди сыйлап жатат.
Мүнүшкөр үчүнчү жолу кушту учурду. Канаттуу асманда үч ирет кайкып үн сала чыгышка карай сызды.
Журт:
– Ал келбейт.
– Кайра-кайра учура берип, бизге таарынды окшойт.
– Ал биз менен коштошуп алыс сапарга кетти.
Эл жакшылыкты үмтөтүпкуш кеткен тарапты колун серепчилеп карап турушту. Журт бул көрүнүштү жаманчылыкка жоруп жатты.
Көк асман. Куштан дарек жок. Муштумдай боз караан учуп отуруп, асманга сиңип кеткен экен. Эл кушту жоктоп, асманды карап, баарынан айрылгансып, жалдырап туруп калышты. Бир чай кайнамдай убак өттү шекилденет. Алыстаасмандан бир караан элге карай сызып келаткандай болду.
–Тетиги эмне?
– Бир караан сабалай учуп келатат.
– Көзү курч балдар карагылачы?
– Карарган ал эмне?
– Көк кажыр го.
– Тарп жору окшойт.
– Таз карабы.
– Алар чоң болот жай учат. Мунун учушу ылдам экен. Бир кыраан куш го.
– Бул чабыты алыска кеткен алгыр кыраан куш тура.
– Жарыктык зыпылдай учуп келатат.
– Ой, ажонун кырааны.
– Ал кайра келатат.
– Кудай берди.
– Айланайын жаратканым колдой көр!
– Эмне кылаар экен карап туралы.
– Бизден кетпесе экен. Теңирим бизге кубат берсин!
– Деги эли-журтубуз аман болсо экен.
Куштун учушу өтө олуттуу тыянак чечимге келгендей сыяктанат. Жаныбар болсо да, бүткүл элдин ой-санаасын билип тургандай сезилет. Эл кушту көрүп шыктана түштү. Канча кылса да мекен, эл жерин коргогон адамдан калган асыл таберик эмеспи. Асманда күүлдөгөн дабыш эшилип, жаныбар шукшурула келип ылдыйлап, анан жай каалгый абада айланып далайга туруп алды.
Журт:
– Кыраан бизди таштаган эмес экен.
– Ал таштабайт, эстүү жаныбар эмеспи.
– Акылдуу жаныбарды жаратканым колдой көр!
– Ал бизди ташташы мүмкүн эмес. Ал баарыбыздын колдоочубуз. Канаттуу жай акырын каалгып келип, Рыс деген кишинин оң ийнине жай жайгаша конуп кайраттуу шаңшып жиберди. Баары сүйүнө кубанып, кыйкырып жатышты. Эл токтоно албай термелет. Каны кызуу жаштар дүргүп дуулдап турушту. Эми Рыс деген ким эле? Майданга жибербей эл аны катып калган. Өзү жарды үй-бүлөдөн. Андай баатырлар эл ичинде өтө аз төрөлүп, өтө аз чыгат. Ал калыс журттун тагдырын ойлогон, акылман, чечен, баатыр адам болчу. Колунда болгон байлыгын жардыларга таратып бере берген. Эл башкарууга ылайыктуу адам болуп, жаштайынан эле калайыктын камын көздөп жүргөн. Ал каза болгон ажонун биринчи кеңешчиси болуп, ажо баардык ишин анын айтканындай аткарып жүргөн.
Карыялар:
– Кагылайын журт эл тербип турганда багыбыз бар экен.
– Рыска конду туура конду.
– Ал элдин камын ойлогон баатыр жигит.
– Мындай баатырларыбыз турганда элибиз кор болбойт.
– Өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коёт.
– Эми Рысты хан көтөрүп, Рысхан атайлы.
– Жаштар дуулдап кыйкырып жатышты.
– Биздин ханыбыз Рысхан!
– Рысхан!
– Рысхан!
– Рысхан!
Рысхан деген ат тээ обого теребелге бобу ачык ай-талаага тиги аркы карагай жыш өскөн жылгага чакырык болуп таралып жатты.
Ошентип журт Рысты хан көтөрүп, Рысхан деп, аташты. Жараткандын буйругу экен Рыс элге хан болуп калды. Кыргыздын кырк уруусу биригип баягы баскынчы кара кытай, калмак, манжуларга тең ата болуп, аларга эркиндигин алдырбады. Рысхан жаңы алтымыштан ашкан. Ал ары акылман, ары аяр, ары чечен көрүнүктүү аскер башы эле. Кыргыз элинин биримдигин чыңап, башка элдер менен тең ата жашап турду.
Карыя улама-санжырасын эң жакшы аяктады. Бул уламаны ал бирөөдөн укса керек ошол үчүн бизге жакшы айтып бербедиби. Мен аны толуктап туруп башкалар окусун деп кагазга түшүрүп койгом.
ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН УЧУРУ
Айланасы өтө бийик эмес жапыз тоолор, чычкан жөргөлөп өтө алгыс калың токой, көпчүлүгү кызыл карагай, эмен алардын арасында ар кандай бадалдар жер жемиштер. Тээ арыда улуу дайра алтын казык жылдызына карай, суусун жарга уруп, атам замандан бери агып жатат. Касиеттүү ата-бабабыз мекендеген дайранын жээгинде улуу токой соккон шамалга бой керип, сеңселе кыймылдайт. Токойдун арасы ар кандай илбеесин жан-жаныбарларга жык толгон. Бул жерге кышкысын кар калың жаап, жайкысын бир топ эле салкын тартат. Кечке чейин сайраган канаттуулардын үнү басылбай, кереметтүү кайрыктары кайра эленет. Ал эми күкүктүн, булбулдун андан башка түркүн канаттуулардын үнү бирде бул жерден, бирде тигил жерден чыгып, жашоонун өлбөс элесин тартуулайт. Бул жердин адамдарынын бойлору узун келбеттүү, сары чачтуу, кызыл жүздүү, көздөрү көгүш эле. Ошол үчүн аларды «Кызыл жүздүүлөр» деп атап алышкан. Алар токойдун арасында бир жерден экинчи жерге малын айдап, көчүп жүрүшөт жана токойдун арасына кирип кас элден коргонушат. Жана токойго жашынып душмандарына кол салып, чабуул коюп, бат эле майкандап жок кылып, качып кетишчү экен. Курч балта, араалары менен келиштирип жыгачтан үй салып алышат,
Тээ тетиги токойлуу тоонун бери жагындагы аймак ушул жердин бийлөөчүсү Олобектин андан ары Единал, Алдиер жана башкалардыкы. Ал жердеги кыргыздар ушул мекен коргоор баатырлары менен сыймыктанышат.
Береги жайыктан бир топ атчандар чыгышты. Алар буудандарын камчылана катуу таскак менен алгалайт. Жолочулардын минген аргымактары өтө чымыр жана күлүк эле. Жаныбарлар кеминде он күн жол жүрсө да арыбас-чарчас түрлөрү бар сыяктанат. Тээ ары жакта бай Олобектин төөлөрү, уйлары, койлору жайылып жатат. Төштө оттоп жаткан кара куйруктуу текелерди ак калпакчан бир бала төмөнгө карай айдап келатат. Токойдун бери жагындагы өзөндөн баш-алты бала жаны тынбай балык кармоодо. Балыктардын ооз-муруну башынын асты жагында болуп, денеси кылкандуу тартып өтө майлуу эле. Балдар аттын куйругунан, жалынан жасалган торлорду иримге салып, бир тобу таяк менен балыктарды ылдый карай айдап жатат. Ылдый кайыган балыктар торго түшүп жатты. Өспүрүмдөрдүн өңүндө кубанычтын элеси чачырап, бай жээктен алар күндө ушинтип балык кармашат.
Береги топ атчандар кайрат чачкан көк асабасы желпилдеген Олобектин үйүнө жете келип, унааларынан түшүп боз үйгө киришти. Алар дагы бир тараптан атчандарды күтүп жатышты. Көп өтпөй тээ береги чоң сайдын жанындагы бурулуштан беш атчан көрүнөт. Аларды акбозчон баатыр баштап келатат.
– Ырыспек келатат. Жардамчысы Асаат, Маатай да бар экен.
Ырыспектин атчандары бат эле боз үйгө жете келип, улуулата төрдөн орун алышты. Отургандар кымыз ичип, анын артынан эт жеп, ортодо кызуу сөз жүрдү. Сөздү аягы монголдорго барып келген Дөөлөс алды:
– Мен Темүчүндүн ата конушуна барып көп жерди кыдырып келдим.
Отургандар:
– Деги Темүчүн деген ким экен ошону айтып берчи?
– Темүчүн ошол көчмөн монголдордун Тайшит уруусунан чыгыптыр.
– Ата теги энеси ким монголдордо көп уруу бар эмеспи?
– Анын энеси Оолун бизче «булут» дегенди билдирет. Атасы Есугей баатыр, чоң атасы Бартан, дагы Хабул хан.
– Мен кимдир бирөөнөн уктум эле анын жетинчи атасы кыргыз экен,– деп
– Ошондой шекилденет өңү саргыч тартып, кыргызга окшоштурушат экен.
Дагы бирөө чыйылдап сүйлөп калды:
– Балким ал биздин чоң аталарыбыздын бирөөсүнүн баласы болуп жүрбөсүн.
Баардыгы кыраан каткырыкты салышып, сөз андан ары уланды.
–Тайшиттер өзүнө каршы урууларды каратып алып, баш көтөргөндөрдү талкалап жок кылышты.
– Алар татарларды, наймандарды, меркиттерди, өзүнө багындырып, бийликти Темүчүндүн колуна топтошту.
Баардыгы сүйлөбөй ойго батышат. Олебек монголдорго барып келген адамдан сурады:
– Баарын тактап чачпай баяндап берчи Темүчүн жөнүндө эмнени билесиң?
Тигил киши үнүн жай чыгарып акырын сүйлөй баштады:
– Темүчүндүн баяны арбын анын атасы Эсүгөй ал баатыр адам болгон экен. Анын атасы Бартан баатыр, Хабул хан, Тумбинай чечен, Байшинкар, Хайду, Бодончар анан Кул Малик, анан Алангоо деген аял Кул Малик менен кошулуп, Бодончар төрөлүптүр. Уламада айтылган ошол Кул Маликти кыргыз экен дешет. Аланго деген аял күйөөсү өлүп калып. Береги Кул Малик менен жүрүп, Чынгыз хандын түпкү аталары Бодончар төрөлүп жатпайбы. Дагы Темүчүн жөнүндө бир уламаны айтып берейинчи. Бир күнү монголдордун меркит уруусунан Эскиледу деген мыкты жигит Оолун деген кызга үйлөнүп аны арабага салып үйүнө бараткан экен. Ошондо теңсиздик менен кызды Есугей тартып алып үйүнө алып келип үйлөнүп алат. Оолун акылман аял болуптур. Укканга караганда Жочу, Угедей, Чагатай, Тулуй деген балдарды төрөптүр. Темүчүн төрөлгөндө оң алаканына кан уучтап түшкөнүн көргөн кемпирлер болуптур. Алар ошондо аябай таң калышат. Бала төрөлгөн күнү ачык эле туруп күн тутулуп, жети күн катары аба ырайы ачылбай бороон согуп, кадимкидей кыш кычырап аяз түшүп турат. Түнүндө ат кишенеп, айбалта шыңгырап, кылыч кыңгырап, согушкан баатырлардын үнү угулуп, бала ыйлап, эне боздогон каңшаар сезилип турган экен. Араң дегенде сегизинчи күнү асман ачылып, калың тумандын арасынан күндүн көзү агылыптыр. Булуттар тарап, айлана жылымык тартат. Ошондо таягын такылдатып улуу бакшы айтыптыр:
– Айланайын эл журт бир балакет болбосо экен, бул тозок адам пендесине көрүнүп, жер үстүндө киши задиси кызыл кыргын, кара сүргүнгө кабалып азап тартпсын. Жер бетиндеги жазыксыз адамдарды тирүү койсо экен. Көзү ачык бакшы жаны тынбай секирип баардык жерге ушул сөзүн айтып чыгыптыр. Кыраакы бакшы туура эле айткан окшойт. Ошол бала төрөлөөрдө энеси бир кызык түш көрүптүр. Бала жөрмөлөп отуруп туу чокуга чыгат. Тоонун этегинде эл быкпырдай кайнап, журт балага ийлип таазим кылат. Тоонун башында ак кар көк муз эрип суу ташкындап кыян агып жаткан имиш. Бала сууга кылыч, найза, жаа салып агызып жатат. Суу элге жетип, алиги куралдар калың журтту өзүнөн-өзү эле өлтүрүп кирет. Өлгөн адамдарды быкпырдай кылып суу агызып жаткан экен. Агып жаткан суу суу эмес эле, кандуу дарыяга окшошот. Азаптуу сууда адамдын баштары, буту, колу, денеси агып жаткан болот. Чынгыз хандын энеси Оолун суу башында туруп, баласына карап:
– Темүчүн бул эмне кылганың, адамдар тынч өмүр сүрсүн!
– Жок эне мен ааламга чаң чыгарыш үчүн төрөлгөм, ошол бойдон калам. Ааламдагы элдер мага баш ийиш керек эгерде баш ийбесе суу кан болот.
– Антпе балам, адамдарга тынчтык керек, алар тынч жашасын. Алар тынч жашап жакшы өмүр өткөрүш үчүн төрөлгөн. Жараткан эгем да ошону каалайт!
– Жок мен туу чокуга жетем, мен кан агызып отуруп бийликке барам. Мен ааламды башкарып анын эгеси болом!
– Кой, уулум антпе, биз тынч жашайлы, сенин атаң, анын атасы да кийинки аталар да тынч жашап келген. Сен тоодон түшүп кел,кан акпасын!
Ушул кезде Оолун ойгонду аябай тердеп кетиптир.
Жанагы көзү ачык бакшы боло турган окуяны чын эле болжолдогон окшойт.
Темүчүн желмогуз ошентип эр жетип чоңоёт. Чоңойгондо эле ал аскер курап, баш ийбеген журтка кан агызып, тынч жаткан тайпаларды багындырып кырып келатты.
Отургандардын баардыгы катуу санаага чырмалат. Алардын бул ойлонуусунда «Эми биздин тагдырыбыз эмне болот?»– деген божомолдор бар эле. Улуу Кемжет кем (Жогорку Эне Сай) Кичи кем ( Кичи Эне Сай) дарыяларына, Миң Суу өзөнүн мекендеген туягы курч, шамал эшкен басканда арыбас, күлүк аттарын минип курч кылыч, калкандарын колуна кармаган журт, ааламды басып алууга аракет кылган Темүчүндүн жүз миңдеген жоокерлеринин келишин билгенде тымтырс болуп ойлонуп жатышты…
Дагы бир абышка кайталап сурады:
– Анын жети атасы каргыз дедиңби, кайталап айтчы, түшүнбөй калдым?
– Ооба анын ата теги санжыра боюнча кыргыз дешет.Биздин ушул эле Миң Суу өзөнүн жердеген Маалик деген адам бир себеп менен туткунга түшүп, монголдорго кетет. Ал ошол жерде жашап, чыныбы, калпыбы алиги аял менен байланышат. Ургаачы улама боюнча ал кишиден үч бала төрөп алат. Баарысы тең азырка Темүчүнгө окшош чачы сары, көк көз Темүчүн ошол жети атасын тартып калса керек. Өңүнө караганда аны биздин тукум деп эсептөөгө болот,– бул сөздү укканда баарынын өңүндө кубанычтын элеси чачырай түштү.
Дагы бирөө күлүп:
– Биздин тукум болсо, эмне бизге каршы кол аттантып жатат. Эми биз менен каршы күрөшөбү.
Баары күлүп калышты.
– Кыргыз каны менен монголдун каны бириксе, көк бет болуп, бүткүл ааламды чаңызгытып бушайман кылбайбы.
– Алар жер жайнаган кара кытайларга да коркунучтуу душман болуптур.
Отургандар жоонун каардуу, сүрдүү, күчтүү, жеңилбес экенин билип ойлонуп отуруп калышты. Алар «эмне болобуз» деп өз күнүн ойлонот. Булардын келечегине кандайдыр бир шектүү жаман окуялар башын кылтыйтып турду.
Бирөө:
– Чектеш Тумат эли менен биригип, Темүчүндүн колуна каршылык кылсак эмне болот.
Демейде чечкиндүү ажо Ырыс, Алдиер, Олебектер да тунжурап отурушат.
Олебек:
– Едине келсин ал эмне айтаар экен. Ошонун пикирин угалы.
Отургандар эт жеп, кымыз ичип анан тарап кетишти.
Кыргыз билермандары кечинде жыйын курмай болуп, баардык жерге кабар таратышты.
Түн кирип эртеси таң атты. Дагы бир күн өттү. Түн кирип дагы таң атты. Эки күн өттү. Касиеттү кыргыз эли. Миң Өзөн жергеси. Токой жолу. Асманы ачык, ай жарык. Жери жер, суусу суу болуп жайкалат. Калың токой анын арасында түркүн куштар үн безеп сайрашат. Жайыттан ат кишенеп, кой маарайт. Токойдун арасындагы булактан эки бугу суу ичип, чар тарапты абайлай карап, калың черге кирип кетишти. Тээ береги жайык талаа. Ал чоң карагайдан кураштырып салынган үйдүн жанында бийик даракта көгүш желек желбирейт. Береги мелтиреген жып-жылма улуу аска, байыркы замандан бери ичине сыр катып жаткансыйт. Асканын жанында улуу карагай ыргалып, анын канча жашка чыкканы белгисиз. Анын башына кыраан бүркүт жылда уялайт. Анын уясы ар кандай чычырганак, талдан жана башка бадалдан бекем салынып, жаныбардын жүнү менен жылууланат. Азыр бүркүт эне уяны басып, кыраан ата ага ар кандай азыктарды ташып берип, балапанын учуруп кеткен. Эки бүркүт балапандарын аман-эсен басып чыгарсын. Бар бол туулган жеримдин кыраан бүркүттөрү! Сенин шаңшыган сүрдүү үнүң биз жашаган жерден алыска-алыска угулсун! Биз сени менен сыймыктаналы! Бар бол касиеттү Эне Сайжерим!
Ушул аймак Олебектин жери болуп, кул-кутандары менен ушул чөлкөмдү мекендейт. Анын үйүнө ажо Ырыс, анын артынан Долон бий, Единал жана башка бир топ сөөлөттү кишилер келишти. Кыргыздарды ал кезде жалпы ажо башкарчу андан кийинки кызматта иналдар турушчу.
Чогулгандар семиз койдун этин жеп, ал арада Темүчүн жөнүндө сүйлөшүп жатышты.
– Эми эмне кылабыз?
– Балким тумат, кыштым, урасут, төлөс уруулары менен бириксек Темүчүндү жеңеер белек.
– Ай ким билет баарын кыйратып келаткандан кийин Темүчүндүн жоокерлерин токтотуу кыйындыкка турат го.
– Ооба Темүчүндүн колу күчтүү аны жеңе албайбыз. Жер жайнаган кара кытайларды да коркутуп жатпайбы.
– Канкордун колу күчтүү аны багынта албайбыз.
– Ошондуктан ага белек берип, ошолор тарапка өтсөк балким элибизди кызыл кыргын, кара сүргүн өлүмдөн сактап калаар белек. Андан башка бизде кандай арга.
– Бизге кошулуп душмандарыбыз менен согуш десечи.
– Согуша албайбыз жерибиз башка, жада калса дитибиз эки бөлөк. Алар менен эмне ишибиз бар. Балким анча-мынча салык төлөөрбүз.
Баардыгы Олобектин айтканына макул болушту. Эми белекке эмне бере турганын жөнүндө ойлонуп жатышты.
– Темүчүн баскынчы, кан ичеер эмеспи ага ыраазы болгондой кымбат белек бербесек болбойт.
Ошентип кыргыздар ителгинин кыраан чыкмасынан шумкар тандашты. Ак жана кара шумкарды, кан ичеер ушул эки кыраанды көргөндө биздин элди аяп, анча жамандык кылбас деген ойдо болушту. Ушул эки шумкардын атагы алыска белгилүү эле. Канаттуу кыраандар далай бүркүткө кол сала жара тээп, ар кандай илбээсин канаттууларды айылдын үстүнө топ-тобу менен айдап келип, бирден тээп түшүрчү. Бирөөнүн өңү агыш келип, куйругунун алдындагы сыңар жүндөрү жаңы жааган ак кардай аппак болчу. Тумшугу жана тырмактары кызыл эле. Карасынын өңү каралжын тартып, көргөн жанды улам-улам каранта берчү. Саятчы Каратөлөк «Көз тиет»– деп аны эч кимге көрсөтчү эмес. Бул шумкарды Долон бий кармап саятчы Каратөлөк экөө тапка келтирген. Ар бир шумкарды эки жүз койго бааласа боло турган эле. Бул тартуу менен бирге акбоз аттын башына окшотуп жасалган чылгый алтын бар болчу. Теңирим берип асмандан түшкөн кара таштан согулуп, токойду кыйып, көмүрчүлөр көмүр өчүрүп, уу булактан сугарып, ажыдаардын заңына үч ай таштатып, түн ичинде кындан суурса, айланасы жарык болуп жалыны өрттөй чыгып, тоону чапса таш кескен, шиберге койсо өрт кеткен кылычтарды, найзаларды буларды Ашмай, Эркашка, Көкүм табылгыс чебер усталар узанып жасаган эле.
Ошентип, монголдорго Единал, Алдиер, Олобектер көп жигиттери менен сапар тарта жөнөп калышты. Элчилер менен кошо бектин кеңешчи, көзү ачыктары кетип баратты.
Темүчүн: «Мага кимде-ким өз эрки менен баш ийсе менин тууму желбиретип, бизге кошула берсин»-деп монголдордун ыйык деп эсептелген туусун көп жерге таратып жиберген. Ошол туудан бирди кыргыз элчилери аны жанындагы меркит урууларынан алып, карагайдын жыгачына желбирете тагып алышкан. Бара жаткан кыргыз элчилерин «Башка бирөө кол салабы»– деп мыкты куралчан өрт жигиттер кайтарып келатты. Жолдо келе жаткан кыргыз кошунууна эч ким каршылык көрсөткөн жок. Темүчүндүн колу дүйнөнү багындырып келатканын баардык эл билип, туюуп турушкан. Аларга кол салуу өтө оор болуп калган. Кээ бир начар коргоноору жок элдер өздөрү эле кошула башташкан. Бара-бара жүрүп отуруп, кыргыз элчилери монголдордун жоокерлерине жолугушту. Кошуун менен кошо короо-короо койлор, уйлар, үйүр-үйүр жылкыларды айдап өтүп жатышты. Жаныбарлар чабуулда жүргөн монгол жоокерлеринин азык-заттары эле. Эч бир жерде баш аламан нерсе жок баардык жерде тартип менен кетип бараткандай сезилет. Монголдордун желегин көргөндө эч бир жоокер аларга каршылык кылган жок. Монгол жоокерлери аларга урмат кылып колун бооруна алып ийиле салам берип өтүп жатты. Бул «кошулалы» деген башка элди урматтаган белги болчу.
Алар жолдо чоң кошуунга кезикти. Миң башы айтты:
– Силер каякка бараттыңар эле. Сөздү тилмеч которуп турду.
Единал:
– Биз улуу хандын баласына жолугууга баратабыз. Ага кошулгубуз келет. Биз улуу хан Темүчүндү жактайбыз. Хандын жигиттери кыргыздарды ээрчитип отуруп, Жучунун чатырынын жанына келишти. Чатыр өзүнчө бөлөк жерде экен. Айланасын жоокерлер кайтарып жатканы байкалат. Бул аймакта эч бир баш аламан нерсе жоктой. Кыраакы кишиге баардыгы өтө катуу тартип менен уюушулганы билинет. Ханга кабар небак эле кеткен. Кыргыздар береги чоң карт карагайдын көлөкөсүндө эс алып, өздөрү ала келген тамакты жеп жатышты. Жучунун чатырынын үстүндө ажыдаардын сүрөтү тартылган хандын асабасы соккон желге шаңдуу желбирейт. Чатырдын айланасында бейадеп басып жүргөн жан көрүнбөйт. Бир гана айбалта кылыч кармаган сакчылар. Ары-бери жумуш менен чапкылаган чабаган атчандар. Алар ханга ар кандай жаңылыктарды жана жардыктарды айтып турат. Единалдын тобун көпкө күттүрүп, акыры эки күн болот дегенде кабыл алмай болду. Кыргыздар шумкарларды колго кондуруп, ак булгундун эң кымбат терисинен жасалган ичикти, жана ар кандай белек-бечкектерди ханга тартуулаган жатат. Кыргыздар монголдордун тартибине таң калды. Акыры алар хан чатырына кирмей болушту. Жучунун алтын жээктелген көркөм чатыры. Тиги төрдө кооз отургучта магдырап бирөө отурат. Бутунда кереметтү өтүк, белинде укмуш жасалган кур. Ушул көрүнүш ыйык ханга жарашык бергенсийт. Жерде жолборс терисинин үстүндө көзү ачыктар, кеңешчилер, жардамчылар. Көзү ачыктын колунда алтын ыйык китеп турат. Жучу ыйык отургучта отуруп, жай гана ыңгырана башын көтөрдү. Анын көк көзү, калың ак аралай элек муруту, денеси булчуңдуу тарамыштуу келип, балбан күрөшкө түшүүчү жайы бар экен. Суроону хан эмес анын жанындагы жардамчылары берип жатты.
– Силер кайдан келдиңер жолочусуңар?
– Биз түндүктөн Миң Суу өзөнүнөн токой арасынан келдик.
– Анда кимсиңер?
– Кемжет өзөнүндө биздин улуу дайрабыз бар. Кыргыз уруусунанбыз.
Суроо берген киши таң кала:
– Кыргызсыңарбы?
Хан кыргыз деген сөздү укканда жандана кетип, Олебектин кишилерин таң калуу менен карап калды. Кебетеси «Кыргыз» деген сөздү ал бир жерден уккандай элес берди.
Тилмеч айтты:
– Шибелерсиңерби?
Олобек жандана сүйлөдү:
– Ооба шибелербиз.
Хан бир пастан кийин:
– Ии шибелер деген элди уккам, баатыр эл турбайсыңарбы,– деп Жучу жандана түштү.
Кыргыздар хандын оозунан бул сөздү угуп шердене калышты.
Тилмеч:
– Токой адамдары.
–Токой адамдары.
–Эмнеге келдиңер эле?
– Улуу урматтуу Темүчүн ханга кошулалы деп келгенбиз. Жеңилгисардактуу Темүчүндүн осуяттарын чын дитибизден аткарабыз,– деп Единал жобурап айтты.
Котормочу бул сөздөрдү бат-бат которуп берип жатты.
– Улуу даражалуум мархабат этсеңиз алыс жерден алып келаткан белегибиз бар эле, ошону сизге берип койсок кандай болоор экен.
«Белек» деген сөздү укканда баардыгы жандана түштү.
Хан котормочу менен үч кишини ээрчитип, бир чоң чатырга келишти. Ал жерди да кайтарып турган сакчылар бар экен. Хан сакчыларга бир сөздү айтты эле Чатырдан үч киши чыга калып, ханга жүгүрүп келишти. Жучу Олобекти жылмаюу менен карады. Олобек түшүндү окшойт белектерди ханга берип жатты. Хан ал белектерди ыраазы боло алып, береги жигиттерне табыштады. Жучу баардык белектерден акбоз атка таң калды. Жаныбардын чекесинде сүрөтчү түшүргөндөй кара сызыкча жана жалы, куйруктары кап кара аргымак эле. Ага укмуш зергерлер жасаган алтын ээр токулган Жучунун адамдары акбоз аттын чылбырын кармаганда жаныбар кыргыздарды карап «Мени кайда берип жатасыңар?»– деп зээнди кейите армандуу кишенеп жиберди. Кыргыздар атты карай албай жерди карап калышты. Андан кийин кыргыздар усталар жасаган кылыч, калкан, найза, жааларын беришти. Жучу албарс кылычты кармап абага ары-бери булгалактатып көрдү. Жарыктык кылычтан «Зың, заң» эткен кайратту үн тарапка угулуп турду. Хан кылычтын кынын колу менен кармалап таң калды. Анын өңүндө кызыккан белгилер пайда болду. Ал тилмечти карап, бир нерсени айтты. Тилмеч: